Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн мелдеште финалга чыкты

Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн мелдеште финалга чыкты

Кыргызстандык аялдар күрөшү боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Польшада өтүп жаткан эл аралык “Poland Open 2019” мелдешинде финалга чыкты.

Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун unitedworldwrestling.org сайтында айтылат.

Бүгүн Тыныбекова финалдык беттеште тунистик Марва Амри менен алтын байге үчүн күрөшөт.

62 кило салмакта күч сынашып жаткан Айсулуу 1/8 финалдан күрөшүп баштап,  Швеция, Украина жана Орусиядан келген спортчу кыздарды утуп финалга чыкты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>