Айтмамат Назаров: Былтыр суу көп болуп Өзбекстанга электр энергиясы экспорттолгон, быйыл экспорттолбойт

Айтмамат Назаров: Былтыр суу көп болуп Өзбекстанга электр энергиясы экспорттолгон, быйыл экспорттолбойт

Казакстанга июль-август айларында экспорттолгон 270 млн кВт/саат электр энергиясы азыр кайра кайтарыла баштады. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук энергохолдинг компаниясынын башчысы Айтмамат Назаров билдирди.

Жыйында экономика тармактарын жана калкын 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Өкмөттүн иши жөнүндө маалымат угулду. Анда депутаттар быйыл «Токтогул» суу сактагычында суу аз топтолгонун, ал жалпы электр кубатынын 40 пайызын берерин эске салышып, мындай абал кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгына алып келер-келбесине кызыгышты.

Айтмамат Назаров азырынча суу жетиштүү жана эч тобокелчилик жок экенин билдирди.

«Былтыр суу көп болуп, Өзбекстанга 750 млн кВт/саат электр энергиясы экспорттолгон, быйыл электр энергиясы экспорттолбойт. Ал эми Казакстанга июль-август айларында экспорттолгон 270 млн кВт/саат электр энергиясы азыр кайра кайтарыла баштады. Азыр анын 182 кВт/сааты келди, жакын арада калган бөлүгү да келет. Казак тарап транзит акысына 56 млн сом төлөдү», — деди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>