Айыл чарба министрлиги: Аз алкоголдуу, сергитүүчү ичимдиктерге тыюу салынат

Айыл чарба министрлиги: Аз алкоголдуу, сергитүүчү ичимдиктерге тыюу салынат

Айыл чарба министрлиги аз алкоголдуу, сергитүүчү ичимдиктерге тыюу салууну сунуштоодо. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.

Маалыматка ылайык, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги аз алкоголдуу, сергитүүчү суусундуктарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Мыйзам долбоорунда 2017-жылы Орусияда этил спирти жана сергитүүчү заттары бар алкоголдук продукцияларга тыюу салынганы жана бул сыяктуу ичимдиктердин зыяны айтылган.

Аз алкоголдуу, сергитүүчү ичимдиктердин терс таасирин эске алып, Кыргызстанда да ушундай эле чектөөлөрдү киргизүү сунушталууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>