Ак-Буурага аккан жаран: Эсиме келип көзүмдү ачканда куткаруучулар сүйүнүп кетти

Ак-Буурага аккан жаран: Эсиме келип көзүмдү ачканда куткаруучулар сүйүнүп кетти

Ош ШИИБнын кайгуул көзөмөл кызматынын кызматкерлери Ак-Буура дарыясына агып бара жаткан жаранды куткарып калышты. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя кечээ, 4-августта саат 17.00 чамасында болгон.

Маалыматка ылайык, милиционерлер суунун агымына жараша ар тарапка оодарылып, кыймылсыз агып келе жаткан адамды суу жээгине чыгарып, тез жардам көрсөтүшкөн. Жаран өзүнө келген соӊ жетип келген «тез жардам» медициналык кызматына өткөрүп беришкен. Сууга агып кеткен жаран 1983-жылы туулган Араван районунан келген конок болуп чыкты. Жабыркаган адам Сузак чайканасынын тушунан Ош базарынын «Караван сарай» соода борборунун тушуна чейин, 500-600 метр аралыгына эс учун билбей агып келген.

Жабыркаган жаран эси ооп, башы айланып сууга кулап кеткенин айтып берди.

«Мен Араван районунан, Гулбаар айылынан Ош шаарына конокко келгенмин. Күндүн ысыганан шаардын Сузак чайханасынын тушунан Ак-Буура дарыясына түшүп, муздак сууга бетимди чайкап алайын дегенмин. Анан эле башым айланып кетти. Эсиме келгенимде бир топ милиционерлер мени айланчыктап, жасалма дем алдырып жатышкан. Алар менин көз ачканымды көрүшүп сүйүнүп кетишти», —  дейт ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>