Ак калпакты мазактагандар эми айып пулга жыгылат

Ак калпакты мазактагандар эми айып пулга жыгылат

Кыргыздын улуттук баш кийимин мазактаган жеке жактарга 1 миӊ сом, юридикалык жактарга 5 миӊ сом айыппул салынат. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, маданият, билим берүү, илим жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Жыйында кыргыз улуттук баш кийимин маданий баалуулук катары сактоо, кеӊири жайылтуу максатында иштелип чыккан “Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырылды.

Демилгечилер – депутаттар Экмат Байбакпаев менен Бакирдин Субанбеков.

Демилгечилердин бири Экмат Байбакпаевдин айтымында, мыйзам долбоорунун башкы максаты ак калпакты өлкөнүн маданий символу катары пайдаланууга шарт түзүү болуп саналат.

«Бузуулар жөнүндө кодекске да өзгөртүү киргизилип, кыргыздын улуттук баш кийимин мазактаган жеке жактарга 1 миӊ сом, юридикалык жактарга 5 миӊ сом айыппул салуу чарасы каралууда», — деди эл өкүлү.

Демилгечи арабызда кыргыздын ак калпагын итке кийингизип мазактаган адамдар бар, коомчулук аларды жоопкерчиликке тартууну талап кылып жатканын айтты. Муну депутат Алмазбек Токторов да колдоду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>