Ак-Суу районунда чарчап калган 1 жашар Ясина сабалганы аныкталды

Ак-Суу районунда чарчап калган 1 жашар Ясина сабалганы аныкталды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда чарчап калган 1 жашар Ясина сабалганы аныкталды. Бул тууралуу Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Улан Канаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Ясинага жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Анда  1 жашар Ясина оор, катуу буюм менен сабалганы аныкталган. Тергөөнүн дагы кошумча эки суроосуна жергиликтүү эксперттер жооп бере албайт экен. Ошол себептен улам комплекстүү экспертиза жүргүзүлсүн деп Бишкекке жөнөтүлдү.

Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 10-январында Ак-Суу райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 1 жашар Ясина оор абалда түшкөн. Аны Боз-Учук айылынан туугандары «сасык тумоо болуп жатат» деп алып келишкен. 11-январда кыз эсине келбей чарчап калган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>