Ак-Талаада мал ташып бараткан унаа жеңил машина менен кагышып, бир адам каза болду — фото

Ак-Талаада мал ташып бараткан унаа жеңил машина менен кагышып, бир адам каза болду — фото

13-декабрда Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылында 2 унаа кагышып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргенин «turmush.kg» жазды.

Маалым болгондой, кырсык Баетов—Кош-Дөбө жолунда болгон. Анын кесепетинен 1972-жылы туулган С.Р. айдап келе жаткан оор жүк ташуучу «МАН» үлгүсүндөгү унаа менен Ак-Чий айылынын 1987-жылы туулган тургуну Ж. уулу Н. айдап келе жаткан «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаа кагышкан.

Натыйжада «Ауди С4» унаасынын айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми анын жанында келе жаткан С.Э. оор абалда райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. «МАН» унаасынын айдоочусу башынан жаракат алгандыгынан улам хирургия бөлүмүнө жаткырылды. Жүк ташуучу унаада 24 баш тай жана торпок болгон. Кырсыктын улам 1 тай жана 1 баш торпок дагы өлгөндүгү такталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>