Ак-Талаадагы Турук көмүр кенин «Ырыс Кен» фирмасы сатып алды

Ак-Талаадагы Турук көмүр кенин «Ырыс Кен» фирмасы сатып алды

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы «Турук» көмүр кенине өткөн аукционду «Ырыс-Кен» аттуу жоопкерчилиги чектелген коому утуп алды. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Маалыматка ылайык, аукционго «Ырыс Кен», «Дигитл Трейд», «Майнинг ресурс»,«Нукер Бишкек» компаниялары катышып, анын ичинен 205 миң доллар сунуштаган  «Ырыс-Кен» жоопкерчилиги чектелген коому жеңүүчу болду. Учурда жумуштар башталды. Аталган фирма Юстиция министрлигине ушул жылдын14-августта катталган. Жетекчиси Жыргалбек Сыдыков, ээси Нурмухаммед Миңбаев.

Белгилей кетсек,  5-сентябрда Ак-Талаа районунун  Ак-Чий айылында «Турук» көмүр кенин  иштетүүгө аукцион өткөн. 1951-жылы «Турук» көмүр кенинде көмүр отуну бар экендиги аныкталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>