Акрам Мадумаров вице-премьер-министр болуп дайындалды

Акрам Мадумаров вице-премьер-министр болуп дайындалды

Акрам Мадумаров вице-премьер-министр болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 12-февралда кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Акрам Мадумаровду вице-премьер-министрлик кызматка бекитүүнү Жогорку Кеңеш 12-февралдагы отурумунда колдоп берген.

Мадумаров 2019-жылдын апрелинен тартып өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү болуп иштеген. Ага чейин Мамлекеттик кадр кызматын жетектеген.

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматтан кетүүгө арыз жазып, жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 11-февралда кол койгон.

Бир жума мурда экономика тармагын тейлеген дагы бир вице-премьер-министр Замирбек Аскаров кызматтан алынып, ордуна Эркин Асрандиев дайындалган. Ал буга чейин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун жетектеп турган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>