АКШ НАТОну каржылоосун азайтып, Германия көбөйтөт

АКШ НАТОну каржылоосун азайтып, Германия көбөйтөт

АКШ НАТОну каржылоону 22 пайыздан 16 пайызга чейин азайтат. Бул тууралуу AFP агенттиги өз булактарына таянып билдирди.

Ошол эле маалда Германия аскердик биримдиктин бюджетине Кошмо Штаттардай эле 16 пайыз төлөөгө макул болду. Буга чейин Берлин 14,8 пайыз төлөп келген.

Aгенттиктин маалыматына караганда, мындан тышкары Европадагы НАТОго мүчө башка өлкөлөр дагы төлөмдөрдү көбөйтүүгө макул болушту. Франция мурагыдай эле төлөм көлөмүн 10,5% калтырууну чечти. Париж уюмду каржылоо талаптарын өзгөртүү боюнча келишимди АКШнын президенти Дональд Трамп менен Германиянын канцлери Ангела Меркел биримдиктин башка мүчөлөрү менен кеңешпестен кабыл алганын билдирүүдө.

Бул макулдашуунун деталдары 3-4-декабрда НАТО лидерлеринин Лондондогу жолугушуусунда талкууланат.

Буга чейин АКШнын президенти Доналд Трамп Европадагы өнөктөштөрүн НАТОнун бюджетине кошчу салымын көбөйтүүгө чакырып, болбосо Вашингтон баштагыдай жүктүн көбүн тарта албай тургандыгын бир нече жолу эскерткен.

НАТОнун талаптары боюнча уюмга кирген өлкөлөр коргонуу үчүн жылына улуттук дүң өнүмүнүн кеминде 2% сарпташы керек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>