АКШнын беделдүү эки басылмасы Кыргызстанды мыкты туристтик өлкөлөрдүн катарына кошту

АКШнын беделдүү эки басылмасы  Кыргызстанды мыкты туристтик өлкөлөрдүн катарына кошту

АКШнын беделдүү CNN телеканалы жана Bloomberg басылмасы Кыргызстанды эң мыкты туристтик өлкөлөрдүн катарына кошту. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

CNN Кыргызстанды турист катары эс алууга ыңгайлуу 20 мамлекеттин катарына кошсо, Bloomberg экономикалык жаңылыктар агенттиги 2020-жылы туризм үчүн кызыктуу боло турган 24 өлкөнүн бири деп атаган.

Белгилей кетсек, Туризм департаментинин маалыматына караганда, 2019-жылдын 6 айына карата Кыргызстанга 3 млн 571 миң турист келген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>