Аксы районунда окуучу кыздар мушташты — видео

Аксы районунда окуучу кыздар  мушташты — видео

Аксы районунун Жаңы-Жол айылында болгон  окуучу кыздардын мушташын милиция териштирип жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 18-ноябрь күнү саат 17-30 чамаларда болгон. Мушташткандар 10-11 класстын окуучу кыздары экендиги аныкталган.

Аталган факты Жазык кодексинин “Ээнбаштык”беренеси менен Кылмыштардын джана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жаш өспүрүм кыздардын арасындагы пикир келишпестиктердин себеби жана окуянын жагдайлары такталууда.

Окуянын  видеосу социалдык тармакка жүктөлдү. Видеодон 50гө жакын окуучу кыздын мушташып жатканын көрүүгө болот.

Эскертүү видеодо сөгүгөн сөздөр бар!

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>