Акыркы бир аптада өлкө аймагында көмүрдүн баасы төмөндөдү

Акыркы бир аптада өлкө аймагында көмүрдүн баасы төмөндөдү

24-октябрдан 31-октябрга чейинки мезгил ичинде көмүрдүн өлкөдөгү орточо баасы бир тонна үчүн 1,48 сомго төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалымат кызматы билдиргенин «Марал» жазды.

Көмүрдүн максималдуу орточо керектөөчү баалары:

  • Баткенде бир тонна – 8246,21 сом);
  • Кара-Сууда бир тонна – 8124,04 сом);
  • Ноокат шаарларында бир тонна – 7113,79 сом катталды.

Ушул эле учурда минималдуу чекене баалар:

  • Чаек айылында бир тонна – 2500 сом;
  • Нарын шаарында бир тонна  – 3549,65 сом;
  • Балыкчы шаарында бир тонна – 3694,59 сом болду.

Муну менен бирге көмүрдүн чекене баасы Кербенде – тоннасы 398,94 сомго же 9,3 %га, Баткенде – тоннасы 246,21 сомго же 3,1 %га жана Таласта – тоннасы 200,26 сомго же 4,2 %га жогорулады.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>