Акжолтой Канатбек уулу катышкан жол кырсыгынын чоо-жайы айтылды

Акжолтой Канатбек уулу катышкан жол кырсыгынын чоо-жайы айтылды

Төкмө акын Акжолтой Канатбек уулунун өмүрүн алган жол кырсыгы 11-ноябрга караган түнү Балыкчы — Кочкор унаа жолунун 220-чакырымында болгон.
Кочкор райондук милициясынын маалыматына караганда, кырсык тууралуу маалымат 11-ноябрь күнү 00:45 чамасында түшкөн.

Окуя болгон жере барган ыкчам тергөө тобу «Субару Импреза» менен «КамАЗ» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын кагышканын аныкташкан.

Кырсыктын кесепетинен “Субару Импреза” унаасынын айдоочусу А.у.Ж., жүргүнчү катары бараткан Кочкор районунун 19 жаштагы  Ж.у.К. аттуу тургуну, 26 жаштвгы Акжолтой Канатбек уулу жана анын келинчеги каза болгон. Дагы бир 20 жаштагы жүргүнчү оор абалда Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Акжолтой Канатбек уулунун кесиптештеринин айтымында, төкмө акын Тоң районунун Ак-Сай айылында 10-ноябряь күнү болуп өткөн «Айылды өнүктүрүү» аталышындагы марафонго катышкан.

Сүрөт: Марал радиосу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>