Алдыңкы 5 жылда учактарда үзгүлтүксүз Wi-Fi пайда болот

Алдыңкы 5 жылда учактарда үзгүлтүксүз Wi-Fi пайда болот

5 жылдан кийин учактарда үзгүлтүксүз Wi-Fi пайда болот. Бул тууралуу «РИА Новости» порталы кабарлады.

19-февралда Seamless Air Alliance эл аралык уюму 30дай чоң авикомпаниясы биригип, «учактагы байланыштын дүйнөлүк стандартын» иштеп чыккандыгын билдирген. Ал авиакомпаниялардын учуу учурунда төмөн чыгымдарды талап кылган үзгүлтүксүз Wi-Fi менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзөт.

«Seamless Release 1.0 стандарты аба кемелеринин жүргүнчүлөрүн учуу убагында  үзгүлтүксүз  интернет менен камсыздай алат. Биз азыр иштей баштасак, долбоор 5 жылдын ичинде ишке кирет. Колдонуучуга учактын ичинен интернет менен колдонуу оңой болот, ал ишканалардын жана кызмат жөнөтүүчүлөрүнүн саны көбөйсө, байланышытн сапаты дагы жогорулайт»,- деп билдирди Улуттук технологиялык демилгесинин «МС СИН» долбоорунун  жетекчиси Никита Медвехкв.

Эксперт стандарттын кириши жаңы технологияны камтыбаарын белгиледи.  Белги мурункудай эле спутник арклуу келет жана кызматтын сапаты менен баасына бир катар олуттуу чектөөлөрдү коет.

«Спутникти алмаштыруу жана ишке киргизүү- ар дайым кымбат, ал эми спутникке чейинки аралык ар дайым узак жана жай. Андан кетүү керек»,- дейт Медвехкв.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>