Алматы-Бишкек автожолундагы унаа кырсыгынан кыргыз жараны каза болду

Алматы-Бишкек автожолундагы унаа кырсыгынан кыргыз жараны каза болду

Алматы-Бишкек автожолундагы жол кырсыгынан оор жаракат алып ооруканага жетикирлиген 27 жаштагы кыргыз жараны каза боду. Бул тууралуу Тышкы иштер минстрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жол кырсыгы 26-августка караган түнү болгон. Анда “Тойота Ист” жана “Тойота Камри” унаалары кагышкан.

Казак басылмалары кырсык болгон учурда 3 адам каза болуп, 7 адам ар кандай жаракаттрады алып, ооруканга жеткирилгенин жазып чыгышкан. Ооруканга жеткирилгендердин экөө 27 жана 18 жаштагы Кыргызстандын жарандары болгон. Учурда кырсыктын кесепеттерин Казакстандын укук коргоо органдары иликтеп жатканы айтылат.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги тарабынан каза болгон жана жабыркаган адамадын туугандарына консулдук-укуктук жардам берилүүдө. Ошондой эле маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү маселелери чечилүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>