Алматыда кулаган учактан каза болгондордун саны 14гө жетти — видео

Алматыда кулаган учактан каза болгондордун саны 14гө жетти — видео

Бүгүн, 27-декабрда таңкы саат 7:05те Алматы — Нур-Султан багыты боюнча чыккан учак кулап, каза болгондордун саны 14гө жетти. Бул тууралуу «РИА новости» жазды.

Маалыматка ылайык,  учакта 95 киши, экипаждын беш мүчөсү болгон. Каза болгондордон сырткары 35 киши жабыркап, алардын 22си оор абалда. Учурда жабыркагандар Алматы шаарындагы ооруканалардын бириндеги жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Самолёт Радардан табылбай калган аба кемеси учуп-конуучу тилкеден тыш аймактан табылган. Ал эки кабаттуу бетон курулушту сүзүп, кырсыктаган.  Учак күйгөн жок. Дароо эле куткаруу иштери башталып, эвакуация жүрдү.

Азыркы тапта учак кулаган аймакта миңге жакын куткаруучулар иш алып барышууда.

Кырсык боюнча Казакстандын премьер-министринин тапшырмасы менен өкмөттүк комиссия түзүлүп, окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>