Алматыда порностудияда кыргызстандык жигит кармалды

Алматыда порностудияда кыргызстандык жигит кармалды

Казакстанда биринчи жолу порностудия аныкталды. Аталган студиянын  техникалык жагына жооптуу программист кыргызстандык болгон. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Алмата шаарынын полиция департаментинен билдиришкенин жазышууда.

Алматада орун алган бул жайда порнографиялык мүнөздөгү материалдар мыйзамсыз даярдалып жана таратылат. Ижарага алынган эки элиталык батирде виртуалдык интимдик кызмат көрсөткөн кыздар дагы кармалган.

Калаа полиция департаментинин маалыматы боюнча, студиянын иши системдүү түрдө жолго коюлган. Техникалык камсыздоодон тарта үч нөөмөттө иштеген кыздардын жумуш тартиби жөндөлгөн. Кыздар веб-камера аркылуу өз денесин АКШ жана Европа сайттарына көрсөткөн. Кардарлар мындай көңүл ачуу үчүн Казакстандан сырткары жайгашкан сервер аркылуу акча которуп турган. Кыздарды өтө жогорку маяна менен жумушка тартышканы менен иш жүзүндө моделдерге аз эле акча төлөнгөну белгилүу болду.

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>