Алмазбек Атамбаевдин соту 6-декабрга жылдырылды

Алмазбек Атамбаевдин соту 6-декабрга жылдырылды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сот отуруму 6-декабрга жылдырылды. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтуусунда, тараптар материалдар менен таанышууга убакыт сурашкан.

Бүгүн, 29-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна айыпталуучулардын бири — Алмазбек Атамбаев сот залына алып келинген.

Атамбаевдин жактоочулары бүкүнкү соттук отурумга аны  мажбур менен алынып келигенин билдиришкен.

Жоошев кийинки отурумга да Атамбаевди күч менен алып келиши мүмкүн экенин билдирди.

«Атамбаевдин сотко келбей жатканынын эки себеби бар: биринчиден, ден соолугу жакшы эмес, кан басымы улам көтөрүлүп же түшүп кетүүдө. Экинчиден, каалоосу жок, мыйзамсыздыкка каршылыгын көрсөтүүдө . Атамбаевдин саламаттыгына карап, үй камагына эле чыгарып коюшса болмок. Абакта отуруп деле эч бир суроого жооп бербей жатат», — деп айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>