Алтынай Өмүрбекова: Билим берүү – өлкөнү өнүктүрүүдөгү негизги ресурс

Алтынай Өмүрбекова: Билим берүү – өлкөнү өнүктүрүүдөгү негизги ресурс

Бүгүн, 2-сентябрда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Норус айылындагы мектептин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өмүрбекова билим берүү – өлкөнү өнүктүрүүдөгү негизги ресурс экенин белгиледи.

«Билим берүү тармагына салынган инвестиция дайыма өзүн өзү актайт жана биз каалагандай натыйжа берет. Заманбап дүйнө – бул бизден жаңы билим менен көндүмдөрдү талап кылган инновациялык технология, глобалдык илимий ачылыш. Биздин балдар эл аралык рынокто туруштук бере ала тургандай билимдүү, тарбиялуу жана креативдүү болуш керек. Өкмөттүн негизги милдети – бул өсүп келе жаткан муунга замандын талаптарына жооп бере турган татыктуу жана сапаттуу билим берүү», — деди ал.

Билим күнүнө карата майрамдык иш-чарага катышкан вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова окуучуларды жана мугалимдерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

 «Республика боюнча жаңы мектептер курулуп, учурдагы мектеп имараттарында оңдоо иштери жүрүүдө. 2019-жылдын 1-октябрына карата билим берүү тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысын 30% жогорулатып жатабыз. Санариптештирүү, мектептерди интернетке кошуу, билим берүү процессине инновацияларды киргизүү иштери жасалып жатат. Бул чаралардын баары сапаттуу жана кызыктуу билим алуу үчүн мектептерде бардык шарттарды түзүүгө багытталган», – деди ал.

Маалымдама: Норус айылында 160 орунга эсептелген орто мектептин курулушу 2015-жылы башталган. Билим берүү мекемесин курууга республикалык бюджеттен 22 млн сом бөлүнгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>