Алтынай Өмүрбекова Кой-Ташта жабыркагандардан кабар алды

Алтынай Өмүрбекова Кой-Ташта жабыркагандардан кабар алды

Кечээ, 7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында 48 адам жаракат алган. Бүгүн, 8-августта алардан вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова кабар алды.

Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жаракат алгандарга тийиштүү медициналык дары-дармек менен камсыздоону тапшырышты.

Жогоруда айтылган 48 адамдын тогузу амбулатордук дарыланууда, бирөө каза болуп калды.

Учурда ооруканаларда жаткандардын саны 38ге жетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>