Анкара шаарына Чыӊгыз Айтматовдун эстелиги тургузулду

Анкара шаарына Чыӊгыз Айтматовдун эстелиги тургузулду

12-декабрында Анкара шаарына Чыӊгыз Айтматовдун эстелиги тургузулду. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Эстелик Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин демилгеси менен Анкара шаарынын Кечиөрен районун мэриясы тарабынан жасалган.

Иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги, мэриянын, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана жетекчилери, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, кыргыз жана түрк студенттери, Түркиянын аймагында жашаган кыргыз жарандарынын диаспораларынын өкүлдөрү катышкан.

[su_image_carousel source=»media: 15910,15908,15906,15905,15901,15909″ limit=»36″ crop=»none»]

Иш чаранын алкагында Түркиянын аймагындагы кыргыз диаспорасынын ичиндеги кыргыз таланттарынын катышуусу менен күүлѳр жана ырлар жаӊырды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>