Антарктикадагы айлык акысы 126 миң долларлык жумуш. Маалымат жалганбы же чынбы?

Антарктикадагы айлык акысы 126 миң долларлык жумуш. Маалымат жалганбы же чынбы?

Factcheck.kg басылмасынын иликтөөсү.

20-декабрь күнү Дүйнөлүк басылмаларга “Антарктикада жумушчу керек” делген маалымат жарыяланган. Аталган маалыматты кыргыз басылмалары да жарыялап чыгышкан. Андан соң Factcheck.kg басылмасына окурман кайрылып,  бул маалыматтын канчалык денгээлде чын экендигин тактап берүүнү суранган.

Аталган маалыматты кайсы басылмалар жазып чыгышкан? Чынында эле анда жазылгандар чындыкка төп келеби?

Иликтөөнүн жүрүшүндө мындай көпчүлүктү кызыктырган маяналуу жумуш орун жөнүндө маалыматты Казакстандын жана Кыргызстандын ЖМКлары жарыялаганын көрө алдык.

“Сиз жылына турак жайга эч кандай чыгым коротпостон жылына 66 000 фунт стерлинг иштеп таба аласыз, бул үчүн сиз Антарктидага көчүп келишиниз керек”, — деген маалыматты биринчилерден болуп бул сайт жарыялаган. 

Анда, “Австралия Антарктика саясатын ыкчам артыкчылыктарын баса белгилеген дүйнөлүк деңгээлдеги илимий изилдөөлөрдү өткөрүп жатат. Бул программа Австралия Антарктика  бөлүмү тарабынан ишке ашырылат», — деп жазылып, жумуш орундарынын тизмегин көрүү үчүн шилтеме калтырылган.

Сайтта бир нече багыттагы ар тараптуу бош орундардын тизмеги жайгаштырылган. Дарыгерлер, телекомунникация, инфраструктура, илим, авиация ж.б.

Бул жерден ар бир жумуш орун  үчүн өзүнчө, документтерди тапшыруу жана жумуш шарттары жөнөндө маалымат ала алууга мүмкүнчүлүк бар.

Жалпысынан Австралия жана Анктартика илим изилдөө станцияларына 150дөн ашык жумушчу талап кылынары жазылган.

Ииликтөөнүн жыйынтыгы менен, Антарктикага жумушчулар талап кылынары, айлык акы жогору төлөнөрү аныкталган.

Мисалы: Кадимки дарыгердин маянасы 199 031$ ди түзүп андан сырткары 60 974$ жылдык жөлөк пул катары кошумча акча ала алат.

Ал эми баардык сантехниктер жана электриктер 66 319$ жана жылдык жөлөк пул катары кошумча айлык ала алышат.

Жыйынтык: Антарктидадагы 126 000$  айлык маянасы менен жумуш бар экендиги чындык.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>