Араванда сууга агып кеткен эки адамдын бири Өзбекстандан табылды

Араванда сууга агып кеткен  эки адамдын  бири Өзбекстандан табылды

Араван районунда сууга агып кеткен  эки адамдын  бири Өзбекстандан табылды.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Буга чейин ӨКМдин куткаруучулары Араван районунда сууга агып кеткен 33 жаштагы эркектин жана 22 жаштагы аялдын сөөгүн  Түштүк-Фергана  каналынан издеп жатканы, издөө ишине көмөктөшүү үчүн Өзбекстанга кат жолдонгону кабарланган.

22-июнда  өзбек куткаруучулары аял кишинин  жансыз денеси табылгандыгын маалымдашкан.  23-июнь күнү изделип жаткан ададмардын жакындары жерине барып, 22 жаштагы келин экенин аныктап келишкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>