Араванда сууга аккан 2 адамдын сөөгү изделүүдө

Араванда сууга аккан 2 адамдын сөөгү изделүүдө

Араван районундагы  Түштүк-Фергана каналына түшүп кеткен 1 эркек жана 1 аялдын сөөгү изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тургундардын сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат 20-июнь күнү түшкө жуук келип түшкөн.

Ошол эле күнү аларды издөөгө ӨКМден жана милициянын 60га жакын кызматкери  тартылып, кеч кирип кеткенидиген байланыштуу издөө иштери токтотулган. Бүгүн, 21-июнь күнү издөө иштерин улантылууда.

Издөө ишине көмөктөшүү суранычы менен Өзбекстандын ӨКМине кат жолдонгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>