Арыс шаарындагы жарылуу боюнча тиешеси бар делген адамдар суракка алынууда

Арыс шаарындагы жарылуу боюнча тиешеси бар делген адамдар суракка алынууда

Казакстандын Арыс шаарындагы ок-дары сакталган кампадагы жарылууга байланыштуу 100дөн ашык адам суралып жатканын жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учурда эмне себептен жарылуу келип чыкканы тууралуу так маалымат жок. Изилдөө иштери жүрүп жатат.  Өрт коопсуздугунун эрежесин бузуу, электр тогу, тез жалбырттоочу буюм-тайымдардын күйүшү, ошондой эле шалаакылык өңдүү бир канча божомол каралып жатат. Бул ишке жооптуу адамдарга укуктук жактан баа берилет.

Белгилей кетсек, 24-июнда Казакстандын Арыс шаарындагы курал-жабдык сактоочу кампада жарылуу болуп, шаар тургундары коопсуз жайга чыгарылган. Кырсыктан 3 адам каза болуп, 30га жакын адам ар кандай жаракат алган. Окуя болгон жерге президент Касым-Жомарт Токаев да барган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>