Асрандиев: Оор кырдаалдан чыгууга кыска мөөнөттүү антикризистик план кабыл алынды

Асрандиев: Оор кырдаалдан чыгууга кыска мөөнөттүү антикризистик план кабыл алынды

Өткөн аптада өлкөдө түзүлгөн бул оор кырдаалдан чыгуу боюнча кыска мөөнөттүү антикризистик план кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде брифинг учурунда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Ага төмөнкүдөй бир катар негизги маселелер кабыл алынды: азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, бизнес үчүн шарттарды жеӊилдетүү – салык чогултууларын жылдыруу, социалдык маселелер жана коммуналдык кызматтар.

Мындан улам, 2020-жылдын октябрына чейин отчётторду тапшыруу жылдырылды.

Өкмөт 2020-жылдын соӊуна чейин өлкөнүн экономикалык кырдаалын жакшыртуу боюнча чаралардын экинчи пакетин даярдоодо.

“Бул чаралар экономиканы жандандыруу жана кайра калыбына келтирүү үчүн кабыл алынат. Ошондой эле чаралардын үчүнчү пакетин дагы иштеп чыгуудабыз – бул келерки жылдарга карата стратегиялык план болот”, — деп белгиледи Асрандиев.

Эркин Асрандиев ошондой эле бизнеске жардам берүү маселеси иштелип жатканын кошумчалады.

“Учурда эки булак бар – Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана биздин эл аралык донорлорубуз. 150 млн долларга чейин каражаттарды көрсөтүү жөнүндө Европа Өнүктүрүү жана Реконструкция Банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, бул каражаттардын 50%ы гранттык негизде берилет. Ошондой эле Азия Өнүктүрүү Банкы, Дүйнөлүк Банк жана Ислам Өнүктүрүү Банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”, — деди вице-премьер.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>