Ат-Башыда логистикалык борбор салууга каршы митинг өттү

Ат-Башыда логистикалык борбор салууга каршы митинг өттү

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда 28-январда тынчтык митинги өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назгүл Мүсүралиева билдирди.

Ал райондук акимчиликтин маалыматына таянып, митингге 50-60 киши катышканын, көпчүлүгү Ат-Башы базарында соода кылгандар экенин, ар бир айылдан 2-3 киши келгенин айтып берди:

«Негизги талабы – индустриялык соода-логистикалык борборду Кытай инвестору курса каршыбыз, курдурбайбыз, ал эми өзүбүздүн кыргызстандык ишкерлер курса ошого макулбуз деген талаптарды айтышыптыр. Бул талапты жогору жакка жеткиребиз деп түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин тынч тарап кетишти», — деди ал.

Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта борбор куруу долбоорун ишке ашыруучу «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ишканасына кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылат. Кыргыз ишкеринин айтымында, логистикалык борборду салыш үчүн Лю Ин 280 миллион доллар каражатты түз инвестиция кылат. Башкача айтканда, мамлекеттен эч кандай кепилдик келишимдери жок.

Курулушка каршы болгондор логистикалык борбор үчүн ижарага берилген жер кийин Кытайга өтүп кетет деп чочулашат.

2000-жылдардын башынан бери эле жергиликтүү бийлик Ат-Башыга соода терминалы салынарын билдирип, инвестор издеп келет.

Жаңы курулушка каршы жыйын 13-январда да өткөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>