Ат-Башыдагы логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоор жабылды

Ат-Башыдагы логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоор жабылды

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы индустриалдык-соода-логистикалык борбордун курулушу боюнча долбоор жабылды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргыз Өкмөтү 2020-жылдын 17-февралында Ат-Башы районунун жашоочуларынын бир бөлүгүнүн элдик жыйынынын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган резолюцияга жооп катары төмөнкүлөрдү билдирет.

«Ар бир өлкө үчүн логистикалык борбор түзүү экономикалык өсүш жана тышкы экономикалык байланыштар үчүн маанилүү фактор, ошондой эле «Ташуулар чынжырчасын башкаруу» системасынын зарыл курамы катары саналат. Учурда экономикалык ишмердүүлүктүн бул түрү Кыргызстанды өнүктүрүүнүн баштапкы баскычында дээрлик колдонулбайт.

Ат-Башы районунун калкынын бир бөлүгү бул долбоорду аткарууга каршы болгондуктан, аны мындан аркы ишке ашырууну токтотуу жана долбоорду башка рынокторго багыттоо чечими кабыл алынды. «Нур Строй Монтаж» ЖЧКсынын жана «One Lead One Trading Limited» компаниясынын ортосундагы «Нарын» эркин экономикалык аймагында индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу тууралуу келишим жокко чыгарылды», — деп жазылат маалыматта.

Учурда Кыргыз Өкмөтү индустриалдык-соода-логистикалык комплекстин курулушу үчүн берилген жерде айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын ордун толтуруу үчүн инвестор тарабынан бөлүнгөн 45 млн сомго жакын өлчөмдөгү финансы каражаттарын кайтарууга даярданууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>