Ата мекендик товарлар дүйнөдөгү 87 өлкөгө экспорттолууда

Ата мекендик товарлар дүйнөдөгү 87 өлкөгө экспорттолууда

2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча экспорттун көлөмү 1 млрд 356, 5 млн доллларды түздү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Учурда ата мекендик товарлар дүйнөдөгү 87 өлкөгө экспорттолууда. Негизинен булар Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги, Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ), Европа биримдиги (ЭБ), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (БДСУ) мүчө-өлкөлөр сындуу биримдиктер боюнча өнөктөш-өлкөлөр.

Тактап айтканда, Кыргызстан товардык номенклатуралардын 100дөн ашык тобун экспорттойт. Негизинен айыл чарба продукциялары.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын январынан августуна чейин импорт 3,5 млрд АКШ долларын түзсө, үстүбүздөгү жылдын ушул мезгилинде 3 млрд АКШ долларынан көбүрөөк. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана жалпы эле импорттун төмөндөшү байкалып жатканынан кабар берет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>