Атамбаевди кармоо операциясында көз жумган жоокерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

Атамбаевди кармоо операциясында көз жумган жоокерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

Экс-президент Атамбаевди кармоо операциясында көз жумган атайын даярдыктагы жоокердин сөөгүн акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев да келгенин интернет колдонуучу Болот Темиров социалдык баракчасына жүктөгөн.

Маркум Үсөнбек Ниязбековго аза күтүү зыйнаты Бишкек шаарындагы 5-кичирайонунда болуп жатат. Анын артында жубайы, 4 баласы калды.

Белгилей кетсек, Үсөнбек Ниязбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында алган жаракатынан көз жумган. Атамбаевди кармоо операциясы Кой-Таштагы өзүнүн үйүндө болгон.

REPORTER маалымат агенттиги маркумдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>