•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРОКУЯЛАР

Атамбаевдин эки тарапташы убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Алга Кылычов жана Амантур Жамгырчиев  ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алар Кой-Таштагы окуялар боюнча УКМКнын кызматкерлерин барымтага алуу жана массалык башаламандыкты уюштурууга шектелүүдө.

“Азыркы учурда ИИМдин тергөө кызматы тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Атамбаевдин бир нече тарапташтары суралды”, – деп жазылат маалыматта.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *