•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРСАЯСАТ

Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева күйөөсүнүн камалышы боюнча комментарий берди (видео)

Раиса Атамбаев бүгүн, 16-августта күйөөсүнүн жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышы менен ага карата тергөөгө байланыштуу кайрылуу жасады. Ал бийликтин жолдошуна, үй-бүлөсүнө жана үзөңгүлөштөрүнө карата иш-аракеттерин «куугунтук» деп атады.

“Мен саясатка эч качан аралашкан эмесмин жана сотторго да кысым көрсөткөн эмесмин. Мен Манасбек Арабаевди билчүмүн, себеби ал Алмазбек Атамбаевдин командасында иштечү. Бүгүн мага карата кылмыш иши козголгонун билдим”, – деди Раиса Атамбаева. 

Белгилей кетсек, соттордун Ак Үйдөгү куратору” атыккан Манасбек Арабаев Раиса Атамбаевага карата каршы көрсөтмө берген.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *