Атка мине албай калган спикер кайрадан талкууга түштү ― видео

Атка мине албай калган спикер кайрадан талкууга түштү ― видео

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун үзөңгү теппей атка минүүгө аракет кылган видеосу интернетте талкууга алынды.

Видеодо спикердин ат минүүсүнө жардамдашкан адам  анын оң бутунан көтөрүп мингизүүгө аракет кылат. Натыйжада Жумабековдун биринчи аракети ийгиликсиз аяктайт. (Эреже боюнча үзөңгүгө буту жетпеген адамдын сол бутун көтөрүү керек  — ред.)

https://www.youtube.com/watch?time_continue=32&v=_iENjip5O4k&feature=emb_logo

Талкууга алынып жаткан видео боюнча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу фейсбуктагы баракчасына төмөнкүдөй пикир калтырды:

«Төраганын атка мине албай калганы тууралуу бир ооз кеп. Бул окуя 2019-жылы 23-февралда журналисттер менен депутаттардын ортосундагы улак тартышта болгону чын. Социалдык тармактарга тарап кеткен кечээги видеону шайлоо жакындаганда жакшы монтаждалып, музыканын коштоосу менен кайра-кайра аттан кулагандай көрсөтүлгөн тамаша катары кабыл алдык. Төмөнкү шилтемеде монтаждалбаган версиясын дагы көрүп койсоңуз болот. P.S. Аттан кимдер гана кулабайт»,-  деп жазып, ошол күнү тартылган видеону жүктөдү.

Дастан Жумабеков маал-маалы менен интернет колдонуучуларынын талкуусуна түшүп турат.

Ал буга чейин Германиянын шаарын туура эмес айтып, коомчулуктун катуу сынына кабылган. Мындан башка парламент жыйынында ”кулакка тээп, лапшаны илип” деп көчө лексикону менен сүйлөгөнү, Нур-Султан шаарында Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумунда орусча текст окуганы жана акын Зайырбек Ажыматовго таандык ырды өзүмдүн ырым деп журналисттерге окуп бергени кызуу талкууга түшкөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>