Аткезчилик уюштурган эл аралык кылмыштуу топтун бети ачылды

Аткезчилик уюштурган эл аралык кылмыштуу топтун бети ачылды

Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан эл аралык кылмыш тобунун ишине бөгөт коюлду.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей 38 жаштагы бажы кызматкери аткезчиликке шектелип кармалган.

Ал Латвиядан келе жаткан 253 500 миң долларлык  тамеки продукцияларын Афганистанга  мыйзамсыз өткөрүүгө документ жасап берүүгө  аракет кылган.

30-январь күнү жалпы суммасы 200 200 долларлык турган тамеки продукцияларынын тишелүү документтерин мыйзамсыз жасоо үч бажы кызматкерлерине ортомчулар аркылуу 65 000 доллар накталай акча берүү учурунда 48, 46, 42 жана 34 жаштагы адамдар кармалган. Алар Орусиянын жана Казакстандын жараны болгон.

Шектүүлөр соттун чечими менен ЖАМКнын №21 мекемесине камакка алуу турундөгү бөгөт чарасы тандалган.

5-февраль күнү бажы кызматкерлерине тамеки өндүрүшүнө бажы процедураларынан мыйзамсыз жасоо үчүн ортомчулар аркылуу 75 000 долларын берүү учурунда Беларусиянын жараны кармалып, камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында улуттар аралык кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>