Аткезчилик жол менен Кыргызстандан 1 млн медициналык бет кап чыгарып бараткандар кармалды

Аткезчилик жол менен Кыргызстандан 1 млн медициналык бет кап чыгарып бараткандар кармалды

Аткезчилик жол менен өлкөдөн чыгарып кетүүгө аракет кылынган ири партиядагы медициналык маскалар (1 млн даана) кармалган. Мындай маалымат кечээ, 28-февралда Өкмөттүн коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтылды.

Медициналык маскалар кайсы өлкөгө чыгарылып баратканы айтылган жок. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова учурда бул ишти финполиция териштирип жатканын кошумчалады.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик түзүмдөргө бир катар тапшырмалар берилди.

Билим берүү жана илим министрлигине республиканын бардык билим берүү мекемелеринде коронавирус, өздүк гигиена эрежелери, сасык тумоо жана курч респиратордук инфекциялардын, анын ичинде коронавирустун алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантуу тапшырылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>