Автоунаа сүйүчүлөргө кулактандыруу! 2020-жылдан тарта автоунааны бажыдан өткөрүү баасы 11 эсе көбөйөт

Автоунаа сүйүчүлөргө кулактандыруу! 2020-жылдан тарта автоунааны бажыдан өткөрүү баасы 11 эсе көбөйөт

2009-жылы чыккан Toyota Camry автоунаасынын бажыдан өткөргөн баасы ушул жылдын 31-декабрына чейин 1250 доллар болсо, 1-январдан тарта 13,6 миң долларга чыгары айтылууда. Мындай маалымат Мамлекеттик бажы кызматы берген схемада көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, аталган ведомство 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңилдиги аяктарын айтты. Бул төрт жыл мурда август айында жеке тараптар үчүн атайын токтом менен бекитилген. 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда жеке адамдар үчүн транспорт каражаттарына киргизилген тарифтер күчүнө кирет. Бул Евразия экономикалык комиссиясынын 2017-жылдын 20-декабрындагы чечими менен бекитилген болчу.

Бажы кызматынын берген маалыматына таянсак, эгерде 2009-жылы чыккан, кыймылдаткычынын көлөмү 2,5 миң куб болгон автоунаа мурда 1 250 доллардан кирип жүрсө, жаңы жылдан тарта 13 600 доллар болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>