Аялдардын киришине тыюу салган чайхана боюнча маалымат тараткандар изделүүдө

Аялдардын киришине тыюу салган чайхана боюнча маалымат тараткандар изделүүдө

Аялдарга кирүүгө болбойт делген чайхана боюнча жалган маалымат тараткандар изделүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg`ге Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда тиешелүү адамдар жалган маалымат тарткандарды аныктоо иштерин жүргүзүүдө.

«Айымдар кирбесин деген чайхана облус аймагында жок болуп чыкты. Тактайчанын сүрөтү биринчи Фейсбуктагы фейк баракчадан жарыяланып, дароо эле өчүрүлгөн экен. Андан кийин сүрөт башка жактарга тарап кетиптир. Жалган маалымат тараткандар бары бир аныкталып, жоопко тартылат», — деди ал.

20-декабрь күнү айрым социалдык тармактарда аялдар киргенге тыюу салынган белгиси бар тактайчанын сүрөтү тарап, ал Оштогу  чайханалардын биринен тартылганы кабарланган.

Коомчулуктун талкуусунан кийин Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы жана шаардык милициянын өкүлү мындай чайхана шаар аймагында аныкталбаганын маалымдаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>