“Аялдардын тилектештик жүрүшүндө” чагым уюштурган 5 адам кармалды

“Аялдардын тилектештик жүрүшүндө” чагым  уюштурган 5 адам кармалды

“Аялдардын тилектештик жүрүшүндө” чагымчыл иштерди уюштурган 5 адам кармалып, райондук милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

“Аларга карата Бузуулар жөнүндөгү кодекстин негизинде протокол түзүлдү. Учурда башка катышуучулардын жүргөн жерин аныктоо жана түшүндүрүү иштери жүрүп жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.

8-март күнү аялдардын укуктарын коргоо тууралуу чакырыктар менен жүрүш өтмөк. Иш-чара башталарга аз калганда белгисиз адамдар келип акциянын уюштуруучуларынын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция жүрүшкө келгендерди кармап Свердлов райондук милициясына алып кетип, тактоо иштерин жүргүзгөн соң кармалгандарды бошоткон.

Былтыр 8-мартта биринчи жолу Бишкекте өткөн “аялдардын тилектештик жүрүшүнө” ЛГБТ өкүлдөрү да катышкан. Мындан улам бул жүрүш коомдо катуу талкууга алынып, иш-чаранын уюштуруучуларына коркутуулар дагы болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>