Аялдарга болбойт! Оштогу чайханалардын биринен тартылды делген сүрөт талкууга түштү

Аялдарга болбойт! Оштогу чайханалардын биринен тартылды делген сүрөт талкууга түштү

Аялдарга кирүүгө болбойт деген белгиси бар тактайчанын сүрөтү интернетте талкууга түштү.  Социалдык тармактын колдонуучулары, сүрөт Оштогу чайханалардын биринин кире беришинен тартылганын жазышууда.

Ошондой эле ал чайханада тамеки чегүүгө жана спирт ичимдигин ичүүгө тыюу салынгандыгы көрсөтүлгөн.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков сөз болуп жаткан сүрөткө карата пикирин билдирип, Ошто мындай чайхана жок экенин айткан.

“Ошто мындай жазуусу бар чайхана жок болуп жатат. Автор Дастан деген жигит “мен сүрөттү соцтармактан алганмын” деп жооп берди”, — деген ал.

Ал эми Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсатаров чайхана Кара-Суу раойнунда экенин айтты.

«Мен сүрөттү жарыялаган адамдан тактадым. Ал сүрөт Кара-Сууда тартылгандыгын айтты. Ошто мыйндай жайды кезиктире элекмин. Бизде эркектер менен аялдар бардык жайларга бирге бара алат”, — деген ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>