«Азаттыктын» иликтөөсү боюнча Абылгазиев да суракка чакырылат. Тизмеде дагы кимдер бар?

«Азаттыктын» иликтөөсү боюнча Абылгазиев да суракка чакырылат. Тизмеде дагы кимдер бар?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти «Азаттыктын» иликтөөсүнө катыштыгы бар бардык адамдар суракка чакырылары тууралуу маалымат таратты.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, иликтөөнү ар тараптуу жана ачык айкын өткөрүү максатында тиешелүү баардык тергөө иштери жүрүп жатат.

«2-декабрда «Азаттык» радиосунун журналисттери, иликтөөнүн автору Али Токтакунов чакырылды. Жана ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Торокулов, экс-депутат Ширин Айтматова, жарандандык активисттер, Президентитин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар суракка чакырылат”, — деп жазылат маалыматта.

УКМК ошондой эле бажы органдарындагы коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдары тууралуу жана  бул факт боюнча башка тиешелүү маалыматтары бар жарандарды тергөө органдарына расмий көрсөтмө берүү үчүн кызматташууга чакырат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>