Матраимов: “Азаттыктын» иликтөөсү жөн гана каралоо

Матраимов: “Азаттыктын» иликтөөсү жөн гана каралоо

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов “Азаттык” “OCCRP” жана “Клоотун”  иликтөөсүнө карата үн катты.

“Раим миллион” деген ат менен белгилүү Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы бул жолу да иликтөөнү каралоо деп атады.

[su_note note_color=»#dad6d6″ text_color=»#141415″ radius=»1″]»Азаттык» биринчи иликтөөсүндө жасалма документтерди негиз кылып жалган маалымат таратканы далилденген. Сиздерге белгилүү болгондой негиз кылып көрсөткөн документтер жасалма болуп чыккан. Экинчи иликтөөсүндө дагы ошондой эле каралоону уланткан. «Булактарыбыз айтты, атын айткандан коркту»-деген мисалдарды келтирген. Мындан тышкары «Азаттыктын» негизги таянган булагы алдамчылык жана мыйзамсыз иштер менен алектенген Айеркен Саймаити. Саймаитинин сөздөрүн бекемдеди деген маалыматтары анонимдүү кишилер. Анонимдүү маалыматты ишенимдүү булак деп жарыялоо туура эмес. Алар, жөн гана кылмышка шектүү адамдын сөздөрүнө таянышкан. Оор кылмышка шектелген алдамчы адамдын маалыматтары менен биздин каралоо максаттуу жүрүп жатат», — деп жазган ал Фейсбуктагы баракчасына.[/su_note]

Белгилей кетсек, 21-ноябрда “Азаттык”, “OCCRP” жана “Kloop” маалымат агенттигинин “Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо”  деген иликтөөсү жарыяланды. 

Анда Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу Кыргызстанга кирип-чыгып турган мыйзамсыз миллиондогон долларлар жана Райымбек Матраимовдун бул ишке тиешеси баяндалат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>