Ажы башчылыкка талапкерлерди каттоо 23-мартта башталат

Ажы башчылыкка талапкерлерди каттоо 23-мартта башталат

Ажы башчылыкка талапкерлерди каттоо 23-мартта башталат. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, каттоо Кыргызстан боюнча 23-марттан 6-апрелге чейин уланат. Каттоого алуу өлкөнүн бардык аймагындагы казыяттарда тиешелүү операторлор тарабынан жүргүзүлөт.

Ал эми 2020-жылдагы ажы башчылыкка талапкерлерди тандап алуу ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын чечими менен “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинде өткөрүлөт.

Ажы башчылык боюнча суроолорго жооп алуу үчүн:  0(312) 48-61-67, 0778/558/708 48-61-67 телефон номерлерине чалып же бул шилтемеден маалымат алсаңыз болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>