Азимбек Бекназаров: Саясатчылар бийликке келгенде эле оозун жаап алганга каршымын

Азимбек Бекназаров: Саясатчылар бийликке келгенде эле оозун жаап алганга каршымын

Бүгүн, 16-январда Кыргызстандын Малазиядагы элчиси болуп дайындалган Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрү жатат.

Жыйында Бекназаров «бийликке сатылып кетти» деген пикирлерге комментарий берди.

«Мен эч кимге сатылбайм. 2005-жылы Башкы прокурор болуп турган учурда дагы оозумду жапкан эмесмин, 2010-жылы Убактылуу өкмөт учурунда дагы оозумду эч ким жаба алган эмес, азыр дагы айта турган пикиримди айтам. Саясатчылар бийликке келгенде эле оозун жаап алганга каршымын», — деди элчи.

Эске салсак, Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен үстүбүздөгү жылдын 26-декабрында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>