Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 50 миллион доллар грант бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 50 миллион доллар грант бөлөт

Кыргызстанга Азия өнүктүрүү банкы 50 миллион доллар грант бөлүү чечимин чыгарды. Бул каражат соода жана инвестициялык атаандаштыкты жана экономикалык диверсификациалоо программасын ишке ашырууга жумшалат.

Азия өнүктүрүү банкы аталган реформа Кыргызстан экономикалык өсүштө өзүнүн потенциалын колдонууга чоң жардамын тийгизет деп ишендирет.

Экономикалык диверсификациалоо  программасы 2018-2040-жылдардагы  өлкөнүн Улуттук өнүгүү стратегиясын колдойт.

“Көптөгөн кыйынчылыктарга карабастан  ар бир жылда АӨБ көрсөткүчү Кыргызстан өзүнүн саясатын жана мекемелердин сапатын жогорулатуу жаатында кыйла ийгиликтерге жетише алды” – деп билдирет Кыргызстандагы аталган банктын туруктуу өкүлү Кэндис МакДейган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>