Азия чемпионатынан алтын байге уткан Улукбек Жолдошбеков Бишкекке көзү жакшы көрбөй келип түштү

Азия чемпионатынан алтын байге уткан Улукбек Жолдошбеков Бишкекке көзү жакшы көрбөй келип түштү

Азия чемпионатынан алтын байге уткан Улукбек Жолдошбеков Бишкекке көзү жакшы көрбөй келип түштү. Бул тууралуу ал өзү «Манас» аэропортунан журналисттерге интервью берип жатып билдирди.

Жолдошбековдун айтуусунда, анын атаандашы күрөшүп жатканда көзүн жабыркатып койгонун айтты.

Экинчи айлампада Иран балбаны менен күрөшүп жатканда жаракат алган. Саламаттыгынан улам кийинки финалдардагы беттештерден баш тартууга туура келип, бирок кайра катышууга бел байлаган.

«Бул Азия чемпиондугу мен үчүн аябай оор болду. Казак балбанын утуп, кийинки бөлүктө ирандык балбан менен күрөшүп жатканда атаандашым колу менен көзүмдү чукуп алды. Көзүмдүн ичи айрылып кеткендигине байланыштуу мелдештен четтетилесиң дешти. Мен машыктыруучуларым менен сүйлөшүп, кийинки айлампада күрөшүп көрөйүн деп чечтик. Индус атаандаш менен кармашып, финалга чыктым. Ага да катыштырбай коелу дешти, бирок врачыбыз Бактыгүл Насыровна дары таап тамызып, бир аз жакшы болуп калып, финалда утуп алдым. Ушул беттеш мен үчүн абдан оор болду. Минтип көзгө жаракат алганда дүйнө чемпиону болобу, Азия чемпионаты болобу, бир тыйын болуп калат экен. Ошон үчүн эң биринчи ден соолук керек экен. Азыр ким, канча киши келди, жакшы көрбөй жатам», — деп маалымат берген.

Белгилей кетсек, 18-февралда Индиянын Нью-Дели шаарында башталган мелдеш 23-февралда жыйынтыкталды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>