Бүгүн Бишкекте «Комуз күнүнө» карата бир катар иш-чаралар өтөт

Бүгүн Бишкекте «Комуз күнүнө» карата бир катар иш-чаралар өтөт

Бүгүн, 9-сентябрда Бишкекте «Комуз күнү» карата бир катар иш-чаралар өтөт.

«Комуз күнүнө» карата иш-чара саат 10.00дө Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын жыйындар залында илимий-практикалык конференция менен башталат;

Саат 12.30да Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдында залкар акын, чебер күүчүнү эскерүү;

Саат 16.30да Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын фойесинде «Комуз — улуттук сыймык» аттуу көргөзмө;

Саат 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында «Таңшысын комуз» аттуу гала-концерт менен жыйынтыкталат.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон «9-сентябрды Комуз күнү деп белгилөө» жарлыкка ылайык, буга чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бир катар иш-чаралардын планын бекиткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>