Бүгүн Бишкекте майыптардын эл аралык күнүнө карата көргөзмө болот

Бүгүн Бишкекте майыптардын эл аралык күнүнө карата көргөзмө болот

Бүгүн, 3-декабрда Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата «Sheraton» мейманканасында фестиваль жана көргөзмө болот. Аталган иш-чарага вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова катышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Анын 29 миңден көбү 18 жашка чейинкилер.

Маалымат үчүн: Эл аралык майыптар күнү, 1992-жылдын 14-октябрындагы Башкы Ассамблеясынын 47/3 резолюциясына ылайык, бүткүл дүйнө боюнча 3-декабрь күнү белгиленет. Майрам, биринчи ирет, майыптардын көйгөйлөрүнө элдин көңүлүн бурууга багытталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>