Бүгүн Эл аралык «китепти белекке берүү күнү». Бул күндүн келип чыгуу тарыхы кандай?

Бүгүн Эл аралык «китепти белекке берүү күнү». Бул күндүн келип чыгуу тарыхы кандай?

Бүгүн, 14-февраль Эл аралык «китепти белекке берүү күнү». Жыл сайын дүйнө эли, анын ичинде Кыргызстанда 2012-жылдан тарта китеп берүү күнү белгиленет (International Book Giving Day). Белгилүү дата балдарга, чоң кишилерге китеп бергендерди, бириктирип, китепке болгон сүйүүнү арттырат.

Китеп берүү күнү китептин глобалдуу маанилүүлүгүнүн натыйжасында эмес, ал адам баласы пайда болгондон баштап аны коштоп, элдик нарк болгонуна байланыштуу. Ал эми майрамдын негиздөөчүсү америкалык Эмми Бродмур, АКШдагы балдар китептери сайтынын негиздөөчүсү.

Эмминин баласы күндөрдүн биринде апасынан сураптыр: «Апа, эмне үчүн адамдар бири-бирине жөн гана китептерди белек кылбайт?», ушул суроо эмминин китеп беруу кунун түзүүгө түрткү болгон. Алгач Эмми 2012-жылы өзүнүн интернеттеги досторуна, кесиптештерине айтып, 14-февралды китеп берүү күнү деп демилгелеген.

Кичинекей баланын суроосу, энесинин демилгеси жана тайманбастыгын миллиондогон дүйнө элдери колдоп, бул күндүн Дүйнөлүк макамын алууга түрткү болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>