•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРСПОРТ

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Мьянма менен ойнойт

Бүгүн 10-октябрда, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы, Дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу оюндарынын алкагында  Мьянманын курама командасы менен беттешет.

Оюн Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20:30да башталат.

Мелдеште кыргызстандык футболчулар машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилигинде ойношот.

Белгилей кетсек, тандоо турунун экинчи айлампасында Кыргызстан Тажикстанга 0:1 эсбеинде жеңилип калды

17-июлда  Куала-Лумпур шаарында континенталдык биринчилик үчүн өткөн чүчүкулакта Кыргызстан ” F ” тайпасына түшкөн. Ага Жапония, Тажикстан, Мяньма жана Монголия курамалары бөлүнгөн

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *